КЫРГЫЗСКО-РОССИЙСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ
Келечекке ишеним!!!
Кыргыз-Россия билим берүү академиясы
престиждүү адистиктер боюнча сапаттуу билим алууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын  дипломдору.


Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын колледжи
престиждүү адистиктер боюнча 9-11-класстан кийинки окуучуларды окууга чакырат
. Кирүү экзамендери жана ЖРТ жок.

Биздин негиздөөчүлөр

Тишков Валерий Александрович

Россиялык этнолог, тарыхчы, социалдык антрополог. Россия Илимдер академиясынын анык мүчөсү (академик) (2008). Россия Федерациясынын улуттук иштер министри (1992). Тарых жана филология илимдери бөлүмүнүн академик-катчысы, Россия Илимдер академиясынын Президиумунун мүчөсү (2013).
Тарых илимдеринин доктору, профессор.

Джумагулов Апас Джумагулович

Советтик жана Кыргызстандын мамлекеттик жана партиялык ишмери, дипломат. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы (1986-1990). Кыргыз ССР Министрлер Кабинетинин Премьер-министри (1990-1998). Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (1993-1998).

Бондырева Светлана Константиновна

Россиялык психолог. Москванын психология-педагогикалык университетинин ректору. РАОнун академиги.
Психология илимдеринин доктору, профессор.

Айтматов Чингиз Торекулович

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, дипломат. Социалисттик Эмгектин Баатыры. Лениндик жана СССРдин үч Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты.

Никандров Николай Дмитриевич

Советтик жана Россиялык окумуштуу, педагогика илиминин уюштуруучусу. Россиянын билим берүү академиясынын президенти (1997-2013). Россиянын Көркөм академиясынын ардактуу мүчөсү. Россиянын билим берүү академиясынын Смольный университетинин биринчи ректору.
Педагогика илимдеринин доктору, профессор.

Койчуев Турар Койчуевич

Кыргыз Республикасынын илиминин эмгек сиңирген ишмери (1992). Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри (1993). Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти (1993-1997).
Экономика илимдеринин доктору, профессор.

Какеев Аскар Чукутаевич

Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). Президенттик аппараттын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы (1992-1993). Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998). Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (1998).
Философия илимдеринин доктору, профессор.

Шакеева Чинара Асановна

Кыргызстандын психологдорунун улуттук коомунун президенти. КРАОнун ректору. Россия Федерациясынын АПиСНнин анык мүчөсү (академик). Эл аралык Айтматов академиясынын академиги. “Сока Гаккай” университетинин профессору (Токио, Япония).
Психология илимдеринин доктору, профессор.

Биздин тарых

Биз менен таанышыңыз!

Жаңы келген студенттерге кубанычтабыз!!

КРАОнун стратегиялык максаты студенттердин кесиптик билимдер жана адеп-ахлактык баалуулуктар системасынын аң-сезимин калыптандыруу процессинде эл аралык билим берүү саясатын жүргүзүү болуп саналат.

Кыргыз-Россия билим берүү академиясы (КРАО) ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын ортосундагы байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн, биздин аудитория билим, илим жана маданият тармагында чыгармачылык тажрыйба жана идеяларды алмашуу мейкиндиги болуп саналат.
Андан ары

Кызматташуулар

Министерство науки и высшего образовани
Российской Федерации

Министерство просвищения
Российской Федерации

Министерство образовании и науки
Кыргызской республики

Байланыш үчүн

Дареги

г. Бишкек ул Л.Толстого 210

Телефон

+996-312-41-81-03

+996-312-41-60-93

E-mail

krao@elcat.kg

Биздин сайт

ru.krao.kg

Иштөө убактысы дүйшөмбү-жума 9.00-17.00

Коомдук транспор:

автобус
8, 227, 215

аялдама «Осмонова»

Биз социалдык тармактарда