БАТКЕНДЕ ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА ЖОЖДОРДУН ОКУТУУЧУ-ПСИХОЛОГДОРУ ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ

Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын он үч психологу Баткенге барат. 15-сентябрдан бери Тажикстандын кол салуусунан жабыр тарткандар менен Ош мамлекеттик университетинин психологдору иштеп атат. 

Тажикстан кол салып, тургундар эвакуацияланып башталганда эле Ош мамлекеттик университетинин психолог жана медицина кызматкерлеринен турган мобилдүү топ түзүлгөн. Аны психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошова жетектеп жатат. Мобилдүү топ төрткө бөлүнүп иш алып барууда. 1-топ онлайн кеңеш берсе, 2-топ аялдар жана балдар менен иштеп, 3-топ жер-жерлерге чыгып кетсе, 4-топ гуманитардык жардам боюнча иш алып барууда. Буларга университеттин магистранттары жана студенттери да жардам берүүдө.

img 20220919 wa0223

— Биз Ош шаардык мэриянын алдындагы көп тармактуу үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүү борборунун директору Наргиза Ештаева баштаган топ менен биргеликте иш алып барып жатабыз. 15-сентябрда эле шаардагы окуу жайлардын жатаканаларына жайгашкан үй-бүлөлөргө жана эвакуацияланган аймактарга, жаш балдарга биринчи психологиялык жардам берип баштаганбыз. ОшМУнун психолог окутуучу жана студенттеринен жана Кыргыз-орус билим берүү академиясынын психологдорунан турган экинчи топ окуу жайдын башкы имаратында үзгүлтүксүз онлайн кеңеш берип жатат. Баткен шаарында жана Кара-Токой, Боз-Адыр айылдарында Психологдор коомунун мүчөсү, магистр-психолог Ибраимжан уулу Жумабек иштеп жатат. Кечээтен бери Айдаркен шаарчасындагы “Солнышко”, “Эдельвейс”, “Сумая” балдар бакчасына Баткен областынан эвакуацияланып келген аялдар жана балдар менен Психологдор коомунун адиси Жалилов Өмүрбек, ОшМУнун психолог-практиканттары менен чогуу иштеп жатат. Дагы бир топ Ден соолукту чыңдоо борборунда. ОшМУнун жана Кыргыз-орус билим берүү академиясынын бүтүрүүчү студенттери 19-сентябрдан баштап алты жумага созулган өндүрүштүк практикасын Ош, Айдаркен, Кадамжай шаарчаларында башташты, — дейт Акчач Жолдошева.

Бул мобилдүү топко Бишкек шаарынан Кыргызстандагы Психологдор коомунун президенти Чынара Шакеева онлайн байланышып, жабырлануучулар менен иштөөдө психологдун функциясы, милдеттери жана психолог өзүн күтүлбөгөн кырдаалда (ЧС) кандай алып жүрүүсү керектиги боюнча үзгүлтүксүз кеп-кеңешин берип жатат.

— Өзгөчө кырдаал учурунда жабыркагандарга биринчи жардам берүүдө психологдор өздөрү психологиялык жактан жабыркап же чарчап калбашы үчүн эмнелерди эске алышы керектиги боюнча Чынара эже бизге жакшы жардам берип жатат. Анткени жеке психолог-студенттер гана эмес кесипкөй психологдор дагы жарандар менен иштөөдө түрдүү кейстерге кабылышат. Азыр бизге оор кейстер онлайн форматта түшүп жатат, кээде биз да алар менен сезимдерин кошо бөлүшүп жатып чарчап калабыз. Ошондуктан Чынара Асановнанын бул жакты колго алганы абдан жакшы болду, — дейт Акчач Жолдошева.

Бул чек арада жашап жаткандардын көңүлүнүн түпкүрүндө дайыма коркуу сезими жашагандыктан Чынара Шакеева жабыр тарткандарга жардам берүүдө өтө кылдаттык керек дейт.

— Тилекке каршы, бул сезим айрымдарынын аң-сезимине сиңип кеткен. Ошондуктан алар менен иштеш абдан татаал болуп жатат. Кээ бирлери биз дагы канча коркуп жашашыбыз керек, бизге эч ким жардам бербей жатат деген провакацияга алдырган сезимдерден сактаныш керек. Эң башкысы алардын менин жанымда мени коргой турган бирөө бар, ал мага жардам берип жатат деген сезимди ойготуу керек. Муну эң эле жөнөкөй кыймыл менен ойготсо болот. Мисалы, мурдун аарчып коюу, чачынан сылап коюу, бекем кучактап коюу сыяктуу. Алар айтылган сөздү эмес, ушундай кыймылдарды жакшы кабыл алышат, — дейт Чынара Шакеева.